Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктары

2013-жылдын 14-15-мартында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү.

Тар чөйрөдөгү жолугушууда мамлекет башчысы Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер башында турган жогорку деңгээлдеги делегациянын бул сапары эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы дем берери талашсыз экендигине ишенгендигин билдирди.

Австриялык делегациянын сапарынын биринчи күнүндө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Кеңейтилген жыйындын жыйынтыгында Президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөр биздин эки дос өлкөлөрүбүздүн мамилелерин өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышы болоорун белгилеп, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялардан кийин көрсөткөн жардамы үчүн, ошондой эле өлкөбүздө парламенттик шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн Федералдык Президентке ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан менен кызматташуунун экономикалык багыты жөнүндө айтып келип, Хайнц Фишер Федералдык Президент менен чогуу Бишкекке салабаттуу делегациянын келгендиги ниеттердин олуттуу экендигин күбөлөп тургандыгын белгиледи. Делегациянын  курамында ишкерлер, экономикалык эксперттер, Австриянын банктарынын өкүлдөрү бар.

“Биз экономикалык кызматташтык жана өнүгүү чөйрөсүндө конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып жатабыз. Бул долбоорлор биргелешкен кыргыз-австриялык экономикалык форумда кеңири талкууланмакчы. Вена экономикалык кызматташтыктын жана бүткүл Евросоюздун көңүл борборунун эң мыкты түйүнү боло алат!", - деп айтты Хайнц Фишер.

Андан кийин, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин расмий сапардын жыйынтыктары боюнча биргелешкен пресс-конференциясы өттү.  

2013-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги - Элдик апрель революциясы күнүндөгү окуялар жөнүндөгү фотокөргөзмөнү көрүп чыгышты.

Алмазбек Атамбаев Хайнц Фишерге 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана Кыргызстандын эли демократиялык мамлекет куруунун дагы бир мүмкүнчүлүгү үчүн кандай чоң кун төлөгөндүгү тууралуу айтып берди.

Федералдык Президент Хайнц Фишер  расмий сапарынын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Ушуну менен Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин расмий сапары аяктады.

Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин расмий сапарынын алкагында төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Австрия Республикасынын айыл, токой чарба, курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо Федералдык министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү  жөнүндө меморандум;
  2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Австрия Республикасынын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташтык  жөнүндө макулдашуу.

 

2013-жыл 16-март