Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапары

2012-жылдын 10-декабры

2012-жылдын 10-декабрында кечинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен учуп кетти.

2012-жылдын 11-декабры

Алмазбек Атамбаев жана Йоахим Гаук  Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана  Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев   Кыргызстандын экономикасына  Германиядан тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.

«Мен үчүн Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Германияга сапар жасаганым абдан маанилүү эле. Анткени  Кыргызстан менен Германия парламенттик республика болгондуктан, жалпы баалуулуктарыбыз бар»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде  Германиянын  Федералдык Президенти Йоахим Гаук  Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик демократия куруу ишинде ири ийгиликке жетишкендигин белгиледи.

Тараптар  эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну  арттыруу боюнча зор мүмкүнчүлүктөр  бар экендигин баса белгилешти.

Тараптар ошону менен бирге эки мамлекеттин жетекчилиги  эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө зор маани берээрин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык Президент Йоахим Гаукту келерки жылы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, Йоахим Гаук чакырууну кабыл алды. Йойхим Гауктун Кыргызстанга сапары 2013-жылы күтүлүүдө.

  • Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

“Германия Кыргызстанга ар дайым жардам берип келген жана жардамын улантууда. Биз Кыргызстанда демократиялык коом куруу боюнча талыкпай иштей беребиз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Кыргызстан менен Германияда парламенттик демократия экендигин, мындай жагдай  эки тараптуу кызматташуу үчүн бекем негиз болуп берерин белгилеп өттү.

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель мындай деп белгиледи: “Биз региондун жана Кыргызстандын стратегиялык маанисин билебиз. Биргелешкен долбоорлор кайсы багытта жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигин изилдөө үчүн атайын өкмөттүк топ Кыргызстанга барат”.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү үчүн мындан ары да болгон күч аракетти жумшоо ниеттерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Президент Алмазбек Атамбаев жана Федералдык канцлер Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, кыргыз жана немец журналисттеринин суроолоруна жооп беришти.

·        Алмазбек Атамбаев Берлин шаарынын Бургомистри Клаус Воверайт менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен Берлиндин федералдык жеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Берлин шаарынын жетекчилигинин көңүлүн Бишкекти өнүктүрүүнүн негизи катары кабыл алынышы мүмкүн болгон өзгөчө “креативдүү шаар” концепциясын алга жылдыруу үчүн Кыргызстандын борбору менен кызматташууга бурду. 

Берлин шаарынын Бургомистри Берлин кызматташууга ачык экендигин жана эки борбордун ортосунда биргелешкен кызыктуу долбоорлорду сөзсүз таба тургандыгын канааттануу менен белгиледи.

·        Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду

Атап айтсак, төмөнкү документтерге кол коюлду:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн маданият жана билим берүү саясаты тармагында кызматташуу жөнүндө Биргелешкен билдирүүсү.
2.    III- Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү карыздык милдеттенмелерин конверсиялоонун алкагында, Финансы министрлиги ("карыз алуучу") аркылуу 8 500 000 евро суммасында KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишим.
3.    Иш-аракеттердин планынын алкагында КР саламаттык сактоо министрлиги менен ФРГ Федералдык саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө Биргелешкен билдирүү.  
4.    Кыргыз Республикасындагы немецтердин иштери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 14-ноябрында Берлин шаарында өткөн 8-отурумунун жыйынтыктары боюнча Коммюнике.

Ошондой эле төмөнкү документтер боюнча ноталар алмашылды:

- Бишкек шаарында 2012-жылдын 9-ноябрында кол коюлган 2011-2012-жылдарга КР Өкмөтү менен ФРГ Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана 2011-2012-жылдарга КР Өкмөтү менен ФРГ Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Борбор Азия боюнча Суу демилгесинин экинчи этабы жөнүндө Келишим (ноталар алмашуу жолу менен түзүлгөн “Берлин процесси”).

Алмазбек Атамбаев Конрад Аденауэр Фондунда сөз сүйлөдү

Мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын 2010-жылдан кийинки ички саясый жагдайы жана кыргыз-герман кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө” деген темадагы талкууга катышып, сөз сүйлөдү.

Иш чаранын башталышында Фонддун Башкы катчысынын орун басары Герхард Валерс жана Германия Бундестагынын (Парламент) депутаты Манфред Грунд сөз сүйлөштү.

«Кыргызстан аймактык мааниге ээ, мунун энергетикалык ресурстарды пайдаланууга да тиешеси бар. Германия менен Кыргызстан быйыл дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдыгын майрамдайт жана бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Германия Федеративдүү Республикасына акыркы 8 жылдын ичиндеги биринчи сапары. Германия – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган, ошондой эле Кыргызстанда өз Элчилигин биринчилерден болуп ачкан Европа өлкөлөрүнүн бири. Мен Кыргызстандын Президенти менен немец тилинде баарлаштым жана мектепте эле эмес, жалпысынан алганда сиздердин өлкөдө немец тили маанилүү роль ойноору мени таң калтырды. Мырза Президент, Сиз Федералдык Президент Йоахим Гаук, Федералдык канцлер Ангела Меркель менен көрүштүңүз, эки тараптуу документтерге кол коюлду, мындан аркы эки тараптуу кызматташуу үчүн негиз салынды», - деп белгиледи Герхард Валерс.

«Мен билем, ФРГ Сиздердин өлкөдөгү парламенттик демократиянын үлгүсү болуп саналат, биз кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз. Биз Сиздердин сапар Германияда өтүп жаткандыгына кубанычтабыз,  Кыргызстан менен кызматташууга көптөр кызыкдар», - деп баса белгиледи Фонддун Башкы катчысынын орун басары Герхард Валерс.

Андан ары Германия Бундестагынын (Парламент) депутаты Манфред Грунд сөз сүйлөдү. Ал мындай деди: «Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоо – Борбор Азиядагы биринчи акыйкат жана эркин шайлоо. Кыргызстанда бийлик биринчи ирет тынчтык жолу менен колдон колго өткөрүлүп берилди. Сиздердин өлкөдө 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынды, ошондой эле 2010-жылы парламенттик шайлоо өткөрулдү, жаңы Конституция парламенттик башкаруу системасына негиз салды».

«Кыргызстан геосаясый маанидеги брэндди жаратты», - деп баса белгиледи Бундестагдын депутаты Манфред Грунд.

Сөзүнүн башында Президент Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: «Мен Президент катары менин биринчи сапарым  Германияга каттоону каалаган элем.  Германия Федеративдүү Республикасы – биздин Европадагы стратегиялык өнөгүбүз, Германия биздин досубуз жана ал ошол бойдон кала берет. Биз өлкөбүзгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Германия Федеративдүү Өкмөтүнө ыраазыбыз, анын аркасында Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылууда». Алмазбек Атамбаев ошондой эле демократияны өнүктүрүү маселелерине да кайрылып, Кыргызстанда авторитардык режим мүмкүн эместигин, биздин өлкөдө Борбор Азиядагы биринчи парламенттик демократия бар экендигин белгиледи.

«Биз парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багыт алдык. Акыйкат шайлоолор – Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү кайсы мамлекетти алсак да туруктуулуктун кепилдиги. Бийликтин күчү – элдин ишениминде, эгерде эл бийликке ишенсе, бийлик күчтүү болот, ал эми эгерде ишеним анча эмес болсо, андай бийликти эч ким жана эч нерсе сактай албайт. Демократия – мыйзамдын үстөмдүгү, мыйзам алдында бардыгы бирдей. Парламенттик демократия гана гүлдөп-өсүүгө жана өнүгүүгө жол ачат», - деп айтты өлкөнүн Президенти.
Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө айтып, өлкөнүн Президенти мындай деп белгиледи: «Мен Федералдык Президент Йоахим Гауктун жылуу мамилесине, ошондой эле Федералдык канцлер Ангела Меркелдин көңүл буруусуна ыраазымын. Өзгөчө Германиянын Федералдык Өкмөтү Кыргызстанга биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүндүктөрдү изилдей турган атайын топту жөнөтөрүнө ыраазымын”.

Жолугушууда ошондой эле германиялык саясатчылар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргызстандын расмий делегациясынын калган мүчөлөрү, кыргыз жана герман журналисттери, ошондой эле  Германияда жашаган кыргызстандыктар катышты. 

Маалымдама: Конрад Аденауэр Фонду саясый билим берүү ишин жүргүзөт, европалык интеграциянын чыңдалышы үчүн күрөшөт,  искусство менен маданияттын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, таланттуу студенттер жана аспиранттар анын стипендиаттары болушат.

2012-жылдын 12-декабры

Президент Алмазбек Атамбаев Германияга расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын (парламент) Эл аралык иштер боюнча комитетинде жолугушуу өткөрдү. 

ФРГнын Эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү жана демократияны мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жалпысынан Кыргызстандагы жана Борбор Азия аймагындагы саясый кырдаал жөнүндө кызыктуу аңгемелешүү болду.

Андан соң Мамлекет башчысы Германия Экономикасынын Чыгыш Комитетинин делегациясы менен жолукту. Анда Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүндүктөрү жана ФРГ менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө пикир алмашышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү жана  Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Ушул эле жерде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Германия Экономикасынын Чыгыш Комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлдү.

Андан кийин, Президент башында турган делегация Кыргызстандын Германиядагы элчилигине келди, бул жерде дипломатиялык миссия менен жолугушуу өттү.

Ушул эле жерде, Берлиндеги кыргыз элчилигинин имаратында Мамлекет башчысы германиялык медиа-комитет Дойче Веллеге («Немец толкуну») интервью берди.

Президент ошондой эле ФРГ боюнча сапарда коштоп жүргөн кыргыз журналисттеринин суроолоруна дагы жооп берди.

Ошону менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапары аяктады.

 

2012-жыл 13-декабрь