Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы бюджет укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы бюджет укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 19-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – бюджет мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүү жана аларды бири-бирине шайкеш келтирүү.

1998-жылы 11-июнда кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы бюджет укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын №78- Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

- жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (роялти) жалпы мамлекеттик салыктарга таандык болуп, республикалык бюджетке түшкөн кирешелерден чыгарылды;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн кирешелерден алынып келген атайын каражаттар үчүн салык жокко чыгарылды;

- республикалык бюджеттен түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери боюнча, ошондой эле жалпы мамлекеттик салыктардан чегерилген ченемдиктер боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор жил ичинде негизделиши жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен макулдашылуусу керек.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 23-июнь