Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар” программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар”  программасы боюнча каржылоо  жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына  жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июнь