Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2014-жылдын 2-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  аскердик  наамдарды ыйгаруунун негиздерин өркүндөтүү болуп саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн айрым мыйзам актыларына түзөтүүлөр киргизилген. Аларга ылайык  класстык чендери, атайын класстык чендери жана наамдары бар адамдарга аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбайт. Аталган адамдар аскер кызматына запастагы аскердик наамында аныкталат (чакыртылат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-ноябрь