Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 22-ноябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты жашы жете электердин ата-энелеринин, же аларды алмаштыруучу адамдардын жашы жете электерди тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат. 

Ошондой эле “жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги заттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык укук бузуулардын белгилерин камтыган жосундар эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет” деген ченем киргизилген. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 25-декабрь