Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргызстандын жана Кытайдын Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каты жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына Толуктоону ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун кыргыз тарабынан аткаргандыгы жөнүндө кытайлык тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

2012-жыл 25-декабрь