Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 1-ноябрында кабыл алган.

Мыйзам Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизиле турган бардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалымат топтоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле  “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдагы кенемтелерди толуктоо үчүн кабыл алынган.

Атап айтсак, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр):

а) иш-аракетин токтоткондугун мамлекеттик кайра каттодон же каттоодон өткөрүү жол-жоболорунан өтүп жактандар мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтар камтылган документти көрсөтөт;

б) иш-аракетин токтоткондугун мамлекеттик кайра каттоодон же каттоодон белгиленген тартипте 2015-жылдын 1-январына чейин өткөрүүгө милдеттүү. Иш-аракетин токтоткондугун мамлекеттик кайра каттоодон же каттоодон белгиленген тартипте 2015-жылдын 1-январына чейин өткөрбөгөн субъекттер Социалдык фонддун же салык органынын тиешелүү билдирмесин негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

2012-жыл 20-декабрь