Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоорлор боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуулар ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2011-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо” жана “Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-июль