Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 8-майында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишке салык салуу боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу максатында аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалды:
Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгашалары чыгарып салууга жатат. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
1) илимий-изилдөө иштери;
2) тажрыйба-конструктордук иштер;
3) долбоордук- изилдөө иштери;
4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.