Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 30-май