Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 30-май