Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 48911,9 млн. сом суммасында, чыгашалар боюнча 46462,6 млн. сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 2449,3 млн. сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 28-январь