Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамдын максаты авиатранспортту пайдаланууда учуулардын коопсуздугуна өбөлгө түзүүчү коопсуз практиканы жана тийиштүү жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу менен коопсуз учууларды камсыздоо болуп саналат.
Тактап айтканда Мыйзамда текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуудан төмөнкү мамлекеттик органдардын алынып салынуусу каралган:
— автомобиль жана суу транспортундагы иштерди жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;
— жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.