Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Австриянын Президенти Хайнц Фишерди Австриянын улуттук күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Австрия Республикасынын Президенти Хайнц Фишерди Австрия Республикасынын улуттук күнү менен куттуктады. 
 
Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы салттуу достук мамилелер кыйшаюсуз өнүгүп, толук түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу маанайында тереңдей берээрин белгилейт. 
 
Президент Алмазбек Атамбаев Австриянын Президенти Хайнц Фишерге бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Австрия элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
2015-жыл 26-октябрь