Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 27-октябрында, Түрмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич,

Улуттук майрам – Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктоомду кабыл алыңыз.

Сиздин жетекчилигиңиз алдында Түркмөнстан бардык тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-түркмөн достук мамилелери өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы, ошондой эле туруктуулуктун жана региондун туруктуу өнүгүшүнүн кызыкчылыктары үчүн чыңдала берет деп ишенем.

Сизге, урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич, чың ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош Түрмөнстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 27-октябрь