Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз майрамы өз чөлкөмүнүн жашоочуларынын байыркы жалпы маданий мурасы катары достук, өз ара сый-урмат, ишеним жана тилектештик байланыштарын чыңдап, биздин боордош элдердин көбүрөөк жакындашуусуна кызмат кылат. Биз мындан ары да эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ырааттуу тереңдетүүгө биргелешип күч-аракеттерибизди жумшайбыз деп ишенебиз», — деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай жана Кыргызстандын мындан ары өнүгүп-өсүшүнө жана жыргалчылыгына багытталган мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

2020-жыл 21-март