Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 14-сентябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Президенттин Аппаратынын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.

Жолугушууда Президент өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык багыттарын өнүктүрүү иштеринин негизги аспектилери тууралу маалыматтарды укту.

Жолугушуунун катышуучулары өлкө Президентине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтчү юбилейлик саммитин даярдоо боюнча иш чаралар жөнүндө айтып беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министрлигине алдыдагы юбилейлик саммитти жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуу, өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

2016-жыл 14-сентябрь