Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун «Биринчи радиого» маеги

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин курду.

Төмөндө «Биринчи радионун» суроолоруна Мамлекет башчысынын жооптору толугу менен берилет:

— Урматтуу Президент мырза, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жеке көзөмөлүңүздө. Өкмөт кайсы багыттарда ишин күчөтүшү керек?

— Республикалык штаб күнү-түнү иштөөдө. Кубат Айылчиевич менен, башка жооптуу чиновниктер менен дайыма байланыштамын. Өкмөт оңой эмес кезде иштеп жатат. Ошондуктан, дагы бир ирет кайталайм, баарыбыз Өкмөткө жардам берчү мезгил.

Сынды, коомдогу болуп жаткан нааразычылыктарды мен да күнүгө айтып турам. Премьер-министрден баштап, бардык тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин өздөрүндө да толук маалымат бар. Эмне үчүн дегенде азыр биздеги болгон кемчиликтердин бардыгы тең эле социалдык түйүндөрдө ачык айтылып, жазылып атат. Кайрылып жатышат.

Азыр негизги маселелердин бири жалпы элибизди дары-дармек менен камсыздоо маселеси турат. Экинчи, кышка даярдык, жаңы окуу жылына даярдык маселелери турат. Бул боюнча да иштер жүрүп жатат.

Азыр баарыбызды эң кооптондуруп жаткан маселе — район-айылдардагы элибизди илдеттен коргоп калыш, алдын алыш, ооруп калгандарга мамлекет тарабынан жетишерлик жардам көрсөтүш жана дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси болуп жатат. Мына ошолорду күчөтүш боюнча иштерди алып барып жатабыз.

Эл көп айтып жаткан маселелердин бири, муну мен облус жетекчилери, тиешелүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшкөндө айтып жатам, сырттан келген каржылык жана гуманитардык жардамды кайда жумшап жатабыз, ошол маалыматтын ачыктыгын элге жеткизиш маселесин коюп жатам. 

Келген гуманитардык жардамдын метрине, килограммына чейин эл билсин, каякка кеткенин деп, бул боюнча иштер жүрүп атат. Маалыматтарды жакшылап бере башташты. Кээ бир маселе чыгып калып жатат, кечээ жакында эле Дүйнөлүк банк Кыргызстанга гранттын негизинде тез жардам машиналарын берген, кымбат алып келген деген маселелер чыгып жатат. Тендерлердин тазалыгын камсыздоо маселеси бар.

Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, биздин калган тармактарды да унутпашыбыз керек. Ошонун ичинде эң зарыл болгон экономикага абдан көңүл буруу зарыл.

Ошондуктан, жай турмушта башталган долбоорлор токтобойт, ошол багыттагы бардык иштер ишке аша баштайт жана биздин көзөмөлүбүздө турат. Жолдорду оңдоо, куруу, экспортко чыгып жаткан ишканаларды колдоо, жумушчу орундарды түзүү, ирригация, таза суу, санариптештирүү, аймакты өнүктүрүү маселелери, өлкөнүн дары чыгаруучу, медициналык каражатты чыгаруучу, фармацевтикалык компанияларын колдоо маселелери. Иш көп, баары тең көзөмөлдө. Алар боюнча унуткан жокпуз, ишти алып барып жатабыз.

Ошону менен бирге, бардык мекендештеримди чакырам. Мурда да айткам. Азыр да кайталап айтып коёюн. Медиктер талап кылган жөнөкөй эрежелерди бузбайлы, урматтуу мекендештерим. Тартип, биримдик азыр өтө зарыл. Ошондо гана биз ушул илдетти жеңебиз.

Медиктер талап кылган жөнөкөй эрежелерди бузбасак, ошону сактасак, вирустун тез жайылуусу да кескин түрдө азаят. Ар бирибиз, өзүбүз да жооптуу болушубуз керек. Мамлекет тарабынан буюрса, бардыгы аткарылат.

 

— Дүйнөлүк пандемия өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип, бюджеттик тартыштык жаралды. Эл аралык каржы уюмдарынан каражаттар, өнөктөш өлкөлөрдөн жардам алынууда. Белгилүү болгондой, өлкөнүн тышкы карызы да мамлекеттик бюджетке жүк. Сырткы карыздарды жоюу, убактысын жылдыруу багытында Сиздин деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп келгендиги маалым. Азыр кандай натыйжаларга жетише алдык?

— Пандемияга чейин эле сүйлөшүүлөр болуп келген. Ал сүйлөшүүлөр, албетте, токтогон жок, муну улантып жатабыз.

Буга чейин алынган карыздарды, биз — мамлекет, төлөшүбүз керек. Мына буга чейин 5 жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Кээ бирлери 5 жылдык мөөнөт менен алынган оор кредиттердин төлөө мөөнөтү дагы келип калды. Мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Биздин өнөктөштөр азыркы кырдаалды туура түшүнүп, Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Мен өзүм бардык финансы институттары менен, тиешелүү мамлекет жетекчилери менен телефон аркылуу февраль айында сүйлөшө баштагам. Анын жыйынтыктары болуп жатат.

Мисал катары айтсам, июнь айында Париж клубунун кредиторлоруна тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү Меморандумга кол коюлду.

Андан тышкары, Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Корея, Япония менен, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетиштик. Аларга да рахмат, туура түшүнүп, муну дагы колдоп беришти.

«G20» тобуна кирген 20 ири мамлекеттин алкагында да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө макулдаштык.

Андан тышкары «айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган аракеттер менен карызды жоюу» механизмин колдонууну демилгелеп жатабыз. Бул жаатта да иш уланып жатат. Эгерде биз койгон ушул маселе чечилип калса, биз эки жактан тең пайда табабыз: биринчиси — карыздан кутулабыз, экинчиси — ошол айлана-чөйрөдө болуп жаткан маселелерди дагы өзүнүн каражаты менен чечип алабыз.

Бул биздин мамлекет үчүн чечилип калса абдан жакшы болот эле. Муну бардык эл аралык форумдарда, аянтчаларда коебуз.

Ал эми азыр биз кредиттик саясатты өзгөрттүк. 5 жылдык кыска мөөнөттүү кредиттерди алганды токтотуп жатабыз. Дүйнөдө жүгүртүүдө акча көп. Бирок, биз тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетишибиз керек. Ошондуктан, алсак дагы жеңилдетилген кредиттерди, айрыкча гранттарды издеп жатабыз. Ал боюнча иштеп жатабыз.

Алар биринчи кезекте калкыбыздын ден соолугу үчүн курч бойдон калып жаткан таза суу долбоорлоруна, жумушчу орун түзө турган ирригация тармагын оңдоого кетет. Башка дагы объектилер бар азыр. Экспортко чыгып жаткан ишканаларды колдоого, жумушчу орундарды түзүп жаткан, жаңы фабрика-заводдорду салып жаткан, анан айрыкча, мына каражаттарды региондорго буруп жатабыз — ишкерлерди, жаңы фабрика-заводдорду кургандарды салыктардан бошотуп жатабыз, ошолорго каражатты бурабыз.

 

— Азыр жарандык коом, медиа чөйрө Сиздин «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата позицияңызды күтүүдө. Президенттин кароосуна келип түштү деп эки апта мурун аппаратыңыз билдирген. Ушул убакыт ичинде мыйзам менен таанышып, бир бүтүмгө келдиңизби?

— Бул мыйзам долбоорун парламент ичинде, анын сыртында, социалдык тармактарда кандай талкуу болгонуна, албетте, байкоо салдым, көз салдым.

Жактагандар бар, каршы чыккандар бар.

Менин жалпы позициям — биздин мамлекетте жалган маалыматка каршы мыйзам сөзсүз болушу керек.

Эң биринчи кезекте, азыр баарыбыз айтып жаткан адам укугун, адамдын ден соолугун коргоо үчүн биз адамды жалган жалаадан, фейк деп айтып жатпайбызбы, мына ошол фейк маалыматтан сакташыбыз керек.

Дүйнөлүк практика да ошону көрсөтүүдө. Айрым өнүккөн мамлекеттер да фейк маалыматка каршы күрөшүүдө. Мыйзамдарды кабыл алышууда. Бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлүп жатат.

Бизде да ошондой болушу керек.

Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем.

Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк.

Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды.

Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе.

Бирок, түпкүрүндө мен ушул мыйзамды демилгелеп чыккандардын жана ал мыйзамды колдоп жаткандардын негизги философиясын — жалган маалыматка каршы күрөш керек экендигин колдойм.

Мага бир топ кайрылуулар келип түштү.

Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюмду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөөлөрү менен тааныштым.

Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан, конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды кайра кайтарам.

Бирок, бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм.

Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек.

Мурда да айткам, азыр да айттым. Биздин коом ачык. Ким болбосун, социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди, же тескеричисинче бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды.

Бирок, ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок. Эгерде, кимдир бирөөнүн адамдык абийирине шек келтирбесе, тескери чакырыктар болбосо, ал тескерисинче мамлекеттик органдарга, мага жардам.

Эмне үчүн дегенде, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлүү проблемаларды айтып, чагылдырып турса, мен деле бул жерде баарын биле бербейм да, ошондуктан мен да билип, ишимди жылдырганга, элдин мамлекеттик бийликке ишенимин алып келгенге чоң жардам. Мен буга кызыкдармын. Маселени ачык айтып, жүзүн жашырбай, туура жеткиргенди колдойм.

Бирок, биздин жарандарыбыздын укугун тебелеген, ден соолугуна зыян келтирген, адамдык абийирине шек келтирген жалган маалыматтарга каршы мыйзам болуусу керек. Бул биздин Кыргызстан сыяктуу адам укугун сыйлаган мамлекетте кадимкидей көрүнүш болуусу керек.

 

— Кечээ жакында Сиз ыктыярчылар менен жолуктуңуз. Ал жерде өлкөдөгү ыктыярчы кыймылынын өнүгүшү — мамлекеттик структуралардын чабалдыгы деп баа берилди. Сиз ыктыярчылардын кыймылына кандай баа берет элеңиз?

— Эл башына кыйынчылык түшкөн кырдаалда, эсиңизде болсо, ыктыярчылар кыймылы ар дайым жанданат. Ошол эле Ош коогалаңын эстейли, Дача-СУ трагедиясын эстейли. Азыр дагы кыйынчылыкта эл биригүүдө.

Бул Кудайга шүгүр, табигый көрүнүш.

Кылып жаткан ишин жарыялаганы бар, унчукпай эле, билгизбей эле, көргөзбөй эле жасаганы бар.

Ыктыярчылар — чоң күчкө айланды. Муну реалдуу көрүп турабыз баарыбыз. Айрыкча пандемия мезгилинде.

Бирок, бизде азырынча стихиялуу болууда.

Бизде мамлекеттик бийликти сындоо курчуп турган мезгил. Ошондуктан, мүмкүн ыктыярчылар кыймылын да мамлекеттик органдардын чабалдыгы деп жатышкандыр.

Ооба, мен айтам, мамлекеттик органдар идеалдуу иштеген жок, кемчиликтер, оңдой турган жерлери көп.

Бирок, бул көрүнүшкө позитивдүү нукта карайм.

Мен мурда да айткам, азыр да кайталайм. Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп.

Бул биринчиден.

Экичиден, бул дүйнөлүк тажрыйба.

Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө ушундай кыйынчылык учурларда гана эмес, жай турмуш күндөрү да ыктыярчылар активдүү иштегенин билебиз. Табиятты тазалайбыз деп, таштанды теришет. Кары- картаңдарды багышат. Жаныбарларга көз салышат. Айтор, турмуштун бардык катмарына таасирин тийгизген ыктыярчылардын болушу — бул ошол коомдун зиректиги.

Бизде деле азыр өлкөдөн сырттагы мекендештерибиз дагы өз жардамдарын аябай, жакындарына, айылына, районуна, мекемелерге жардам берип атышат.  

Мен жана айткандай, бизде бул стихиялуу болууда.

Ошол жолугушууда да балдар айтышты, мыйзамдык алкакта ыктыярчынын статусун — макамын бекитсек деп. Менимче, келечекте парламент ушул багытта иштесе жакшы болот. Бул туура коюлган маселе. Мен дагы колдойм. Муну бир нормативдик документ менен жолго салышыбыз керек. 

Бул бүгүнкү күндүн реалдуулугу. Мамлекеттик бийлик мына ушундай пайдалуу күчкө, кыймылга таянып, көп ишти алдыга жылдырса болот. Аны бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Болгону, туура багыт берип, координациялоо иштерин жакшыртышыбыз керек. Ал тууралуу өкмөткө, республикалык штабга сунуштарды айттым. Азыр бул боюнча иш жүрүп жатат.

 

— Сооронбай Шарипович, ушул кепти улай социалдык тармактагы талкуу болгон бир суроону бергим келип турат. Жакында эле, «медицина факультетин бүткөн Президенттин кызы Жээнбекова Бактыгүл эмнеге эл катары оорулууларды дарылабайт» деген талкуулар болду. Сиздин үй-бүлөңүз тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, угармандардын ушул суроосун берсем: азыркы кезде Сиздин жакындарыңыз элге жардам берүүдөбү?

— Кызым боюнча тактоо киргизип коеюн. Славян университетинин финансы факультетин бүткөн. Ал медик эмес. Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө.

Менин жубайым илгертен баштап эле, көп жылдар болду, мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук ишин жасап келет. Бирок, кайда, кимге берет, алган кишилер дагы ал кишинин жардам берип жатканын билбейт. Баягы «оң колуң бергенди сол колуң билбесин» деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат.

Ал эми кызым, элибизде айтмакчы, «чыккан кыз — чийден тышкары» дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө ушул пандемия башталгандан бери, апрель айынан башташкан экен, муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатабыз дешти.

Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Ал кайрымдуулук иштерин деле тынч улантып жатышат. Аны токтотпойт деп ойлойм.

 

— Айрым өлкөлөр азыркы кырдаалда каза болгон жарандарынын элесине арнап, Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоодо. Биздин мамлекетте да, тилекке каршы, мекендештерибиз ушул илдеттин кесепетинен каза болушту…

— Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды.

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса.

Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы.

Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө.

Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун.

 

— Айтканыңыз келсин, мамлекетибиз ушул кыйынчылыктарды жеңип, жакшы күндөр көп болсун. Урматтуу Президент, өзүңүздүн убактыңызды бөлүп, азыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге дагы чоң рахмат, оорубаңыз, ийгиликтерди каалайм.

 

https://www.facebook.com/watch/?v=283711649403239 

2020-жыл 25-июль