Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери күчүн жоготту деп  таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-статьяларына ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"  Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"  Жарлыгы.

2016-жыл 25-август