Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл, Түп, Тоӊ, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл (5 адам), Түп (3 адам), Тоӊ (2 адам), Ак-Суу (1 адам) жана Жети-Өгүз (2 адам) райондук сотторунун, Каракол (4 адам) жана Балыкчы (2 адам) шаардык сотунун судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 19 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2016-жылы 19-августта Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен аңгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти 13 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 6 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 3 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурстардан тандалган 13 талапкер  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.

Экинчи жарлык менен дайындалган 13 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл (3 адам), Түп (3 адам), Тоӊ (2 адам), Ак-Суу (1 адам), Жети-Өгүз (2 адам) райондук жана Каракол (2 адам) шаардык сотторуна жиберилди:

- Ысык-Көл райондук сотуна: Акматова Мээрим Маматкадыровна; Жусупбекова Космир Айтакуновна; Сыдыков Акылбек Иненбекович;

- Түп райондук сотуна: Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич; Астаев Батырхан Алтынбекович; Мамытов Канатбек Рысбаевич;

- Тоӊ райондук сотуна: Сыдыгалиева Асел Бабановна; Соодонбеков Сабыр Коӊуратович;

- Ак-Суу райондук сотуна: Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович;

- Жети-Өгүз райондук сотуна: Бекбулатов Айбек Бектурсунович; Шаршеев Адилет Нуркамилевич;

- Каракол шаардык сотуна: Иманбеков Ильяс Ринатович; Суранчиев Уланбек Жекшеналиевич.

Үчүнчү жарлык менен Ысык-Көл райондук (2 адам) жана Каракол шаардык (3 адам) сотторунун аракеттеги курамы кызматынан бошотулду:

- Ысык-Көл райондук соту: Сыдыков Акылбек Ишенбекович; Маматов Абдыганы Омарович;

- Каракол шаардык соту: Азимжанов Мадамин Низамидинович; Дакиева Алтынгүл Асанакуновна, Сулайманов Кадырбек Култашырович.

2016-жыл 25-август