Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Сот приставдары жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам көз карандысыз соттордун кадыр-баркын бекемдөө жана ишмердигин камсыздоо, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана  адилет сотту ишке ашырууга байланыштуу судьяларга жана сот процессинин башка катышуучуларына, ошондой эле сот актыларын күчтөп аткарууда сот аткаруучуларга карата коркутууларга жана зомбулук аракеттерине жол бербөө максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 270-беренесине ылайык, сот приставы сот процессинде тартипти камсыз кылат, төрагалык кылган адамдын буйруктарын жана мыйзам тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарын аткарат. Сот приставы жөнүндөгү бул жоболор 1999-жылы 30-июнда кабыл алынган №63 «Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексин ишке киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу менен 2001-жылга чейин киргизилүүгө тийиш болгон. Бирок бюджетте жетишерлик финансылык каражаттар болбогондуктан, Мыйзамдын бул талабы бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келген.

Бүт республика боюнча сот приставы институтун ишке киргизүү маанилүү болуп саналат, анткени 2005-жылдын апрель – июнь айларындагы окуялар: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Жогорку сотунун имараттарын басып алуу жана судьялардын өздөрүн кармоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель жана июнь окуялары боюнча 2010-2013-жылдардагы сот процесстери судьялардын, адвокаттардын, күбөлөрдүн жана сот процессинин башка катышуучуларынын соттолуучулар менен жабыр тарткандардын жактоочуларынын зомбулугу жана өзүм билемдиги алдында коргоосуз экендигин көргөздү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин «Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана республиканын мамлекеттик чек арасын бекемдөө боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» 2011-жылдын 22-январындагы № 1 чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте сот органдарынын имараттарын коргоону, сот жыйындарын өткөрүүнү жана судьялардын ишинин  коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жүргүзүү тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  2014-жыл 25-июндагы № 4267-V токтому менен бекитилген  «Кыргыз Республикасынын сот системасын 2014-2017-жылдарга өнүктүрүү» боюнча мамлекеттик максаттуу программасы менен судьяларды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана сот аппараттарынын кызматкерлерин коргоо системасын камсыз кылуу үчүн атайын коргоо кызматын – сот приставдарын киргизүү милдети каралган. Аталган иш чаранын негизги аткаруучулары болуп  сот органдары менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши аныкталган. Аталган Максаттуу программада белгиленген иш чаралар  мамлекеттик мааниге ээ экенин жана сөз жок аткарууга жатарын белгилөө зарыл.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформалары боюнча кеӊештин 2016-жылдын 14-мартындагы чечими менен колдоого алынганын белгилөө керек.

Кабыл алынган Мыйзам сот приставдарынын укуктук статусун жана ишмердигин: сот приставдар кызматынын ишин уюштурууну; сот приставынын кызматына дайындалган адамдарга талаптарды; сот приставдарынын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана укуктарын; сот приставдары тарабынан күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу шарттарын; сот приставынын жоопкердигин; сот приставынын укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктерин жөнгө салат.

Сот приставы – мамлекеттик кызматта турган жана Мыйзам жүктөгөн милдеттерди аткарган кызмат адамы. Сот приставы бийлик өкүлү болуп саналат жана кызмат милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот.

Төмөндөгү жарандар сот приставы боло алышат:

- башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жарандары;

- 21 жашка толгондор;

- жогорку билими барлар, ал эми улуу жана Башкы сот приставдары үчүн - жогорку юридикалык билими барлар;

- өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, аскердик-врачтык комиссиядан жана атайын текшерүүдөн өткөндөр.

Мыйзам тарабынын сот приставына төмөндөгү милдеттер жүктөлөт:

- сот жыйындары маалында сот имаратында, залдарында жана бөлмөлөрүндө, ошондой эле  көчмө сот жыйындары өтүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана кармоо;

- процессуалдык иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;

- аткаруучу иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда сот аткаруучуларга көмөктөшүү;

- сот имараттарын жана жайларын, сот приставдар кызматтарынын имараттарын жана жайларын, ошондой эле  көчмө сот жыйындары өтүп жаткан имараттарды жана жайларды коргоону камсыз кылуу;

- «Күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды албаганда судьяларды, сот арачыларын жана сот процессинин башка катышуучуларын, ошондой эле сот аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышып жаткан адамдарды бул иш-аракеттер убагында коргоону камсыз кылуу.

Мыйзам сот приставдарын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартибин аныктайт.

Сот приставдарынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалат.

Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 8-август