Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Судьялык өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүүнүн чаралары жөнүндө» 2012-жылдын 8-августундагы №147-Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Окутуу борборун Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп кайра түзүлөт. Ал жергиликтүү соттордун судьялык кызматына талапкерлерди окутат, иштеп жатышкан судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин адистигин жогорулатат.

Мыйзамда ошондой эле Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучуларына эмгек акы төлөөнүн жана  Сот адилеттигинин Жогорку мектебиндеги окутуу процессин көзөмөлдөөнүн тартиптери аныкталган, Кыргыз Республикасынын судьлар Кеңешинин бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 8-август