Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс тук комиссиянын курамы өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон  “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка ылайык "Курманжан Датка" орденинин  үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы өзгөрдү.

Жарлыктын тексти:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы № 301 “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын
14-декабрындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
13-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгынын
1-пунктунун төртүнчү абзацы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын

КУРАМЫ 

Ниязов Фарид Абилезимович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

 

Акаев Жанарбек Кубанычбекович 

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Омурбекова Алтынай Сейтбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Исаев Канатбек Кедейканович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Сманбаева Жылдыз Аскарбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти;

 

Жанболотов Улан Кубанычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси;

 

Усубалиев Таалайбек Сыдыманович

-

“Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

-

 

Абдраимов Алымбек Мекенович

-

“Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Копотев Вячеслав Викторович

-

геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча);

 

Шафир Александр Львович

-

геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча);

 

Макашов Султан Макашович

-

“Кыргыз Республикасынын эл чеберлеринин союзу” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

 

 

2016-жыл 6-август