Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2015-жылдын 20-июлундагы редакциядагы «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана ьүлктөрүн декларациялоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Бул конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык судьялар, судьялык кызматка талапкерлер мыйзамга ылайык өз мүлктөрүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого милдеттүү.

Бул чаралар сот системасындагы коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу куралдарынын бири болуп, антикоррупциялык саясатты өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жардык коом институттарынын жана жарандардын коррупцияга каршы, мамлекеттик бийлик тутумдарындагы саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюуга багытталган аракеттерин бириктирүүгө көмөк болот.

2016-жыл 5-август