Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.

Мыйзам менен Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына террористтик жана экстремисттик аракеттери үчүн соттолгондорду жазалоону жана абактарда кармоонун шарттарын күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле алардын жарандыгынан ажыратууга багытталган чаралар каралган. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 4-август