Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган КМШга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Макулдашууга жогорудагы чөйрөдө кызматташуу маселелерин жөнгө салуу, компетенттүү органдарды, жардам берүү жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүүнүн тартибин, жардам берүү боюнча иштин тартибин, мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн, ошондой эле жабдууларды жана материалдарды алып кирүү, алып чыгуу жана транзит тартибин, башка маселелерди чечүүнүн жол-жобосун аныктоо максатында кол коюлган.

2016-жыл 4-август