Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» жана «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты  сот системасынын ачык-айкындыгына жетишүү жана ачык сот жыйындарында каралган иштер боюнча процесстердин катышуучусу болбогон жарандардын сот актыларын, материалдарын жана архивдерин  алуусун камсыз кылуу болуп саналат.

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын пакетинде «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Бул Мыйзам «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Бул Мыйзам төмөндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө»;

- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө»;

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө»;

- «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө».

Мыйзамдарды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган.

2016-жыл 4-август