Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ аймагында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүүнүн жана алардын ишмердигинин тартиптери жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүүнүн тартиби жана алардын иши жөнүндө» Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – Тараптардын компетенттүү органдарынын өндүрүшүндөгү эки жана андан көп Тараптардын аймактарында далилдерди талап кылган же болбосо процессуалдык чараларды жана (же) ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүүнү талап кылган бири-бирине байланышкан кылмыш иштерин ачуу жана тергөө үчүн Тараптардын айтмактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүүгө жана алардын ишине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу.

Биргелешкен ыкчам-тергөө топторунун негизги милдеттери:

- Тараптардын компетенттүү органдарынын кылмыштарды ачуу жана кылмыш иштерин тергөө боюнча макулдашкан бир ыңтай ишмердиги;

- биргелешип аракеттенүүнүн ыңгайлашкан тартибин уюштуруу;

- ыкчам маалымат алмашуу үчүн шарттарды түзүү;

- кылмыштарды ачуу жана кылмыш иштерин тергөө боюнча макулдашылган аракеттерди жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз ара маалымдоо;

- пайда болгон версиялар боюнча аракеттерди пландоо жана аларды Тараптардын аймактарында текшерүү;

- изилдөөлөрдү жана экспертизаларды өткөрүүнү уюштуруу;

- далил бумдарды сактоого жана берүүгө байланыштуу маселелерди чечүү;

- суроо-талап жөнөткөн Тараптардын мыйзамдарына ылайык процессуалдык аракеттерди жана (же) ыкчам-тергөө чараларын жүргүзүү тууралуу тапшырмаларды аткаруу;

- Тараптардын аймактарында процессуалдык аракеттерди жана (же) ыкчам-тергөө чараларын жүргүзүүнү координациялоо жана биргелешип аракеттенүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 4-август