Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган.

Бул мыйзам салык мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын аймагында импорттолгон товарларга контролдук баалардын минималдык деӊгээлин аныктоого жана колдонууга байланышкан ченемдерди киргизет жана аларды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилейт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 3-август