Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кош салык салуудан качуу жана киреше жана капитал салыктарына карата салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө Кувейт мамлекети менен Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 15-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше жана капитал салыктарына карата салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуу экинчи мамлекетте салык салынуучу объектилери бар башка мамлекеттин субъектилерине салык салуу боюнча келишимге келишкен мамлекеттердин ар биринин укуктарын ажыратуунун эрежелерин аныктайт.

Андан тышкары, Макулдашуу келишимге кол койгон бир мамлекетти  келишимге кол койгон экинчи мамлекетте дискриминициялык салык салуудан коргоочу резидент болуп эсептелет, келишимге келишкен мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу жолу менен салык төлөөдөн качууга жана бул Макулдашуунун жоболорунан кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт болот. Ошондуктан Макулдашуу Кыргыз Республикасына түз инвестицияларды тартуунун каражаты катары кызмат кылат, анткени, тигил же бул бир өлкөдө гана салык төлөөгө кепилдик алган чет өлкөлүк фирмалар өлкөбүзгө инвестиция  алып келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 3-август