Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин  мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселесин жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Бул максатта «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери камсыздандыруу төгүмдөрүн Тышкы иштер министрлигинин чет жердеги кызматкерлери үчүн белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүшөт.

2016-жыл 27-июль