Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзамда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр кубаттуулуктарына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталары каралган.

Мыйзам боюнча акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугун өзгөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу талап кылынбайт.

Ошентип, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Энергетика жөнүндө» жана «Электроэнергетика жөнүндө» КР мыйзамдарына шайкеш келтирилди.

 

2016-жыл 26-июль