Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекетгик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жыпдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган

Мыйзам пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу жана Пенсиялык фонддун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Ушул максатта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" мыйзамдарда көрсөтүлгөн пенсияларды эсептөө үчүн эске алынган орточо эмгек акынын (кирешенин) чектелген деңгээли 8000 сомдон 15000 сомго чейин жогорулатылды.

Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Мыйзам расмий жарыяланат жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 15-июль