Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.
Макулдашуунун максаттары – мамлекеттик чек араны коргоо жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин чек ара боюндагы территорияларынын коопсуздугун, ошондой эле төмөнкүлөрдү кучагына алган чек ара чөйрөсүндөгү чакырыктарга каршы турууга багытталган натыйжалуу чараларды көрүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты камсыз кылуу:
- чек ара боюндагы территориялардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мамлекеттик чек аралардагы мыйзамсыз аракеттерди ачыктоого, алдын алууга жана болтурбоого багытталган аракеттерин координациялоо;
- терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, курал-жарактардын, ок-дарылардын, жардыруучу жана уулуу заттардын, радтоактивдүү материалдардын, наркотикалык заттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, мыйзамсыз миграцияга жана чек ара боюндагы улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
- ШКУга мүчө-мамлекеттердин чек ара маселелери боюнча келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.