Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Кувейт Мамлекети менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Келишимде башка Тараптын мамлекетинин территориясына кирүү (чыгуу жана анда болуу) үчүн биринчи жолу киргенден тартып 90 күнгө чейин дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу каралган.

Бул Келишимди ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Кувейт Мамлекетинин жарандарынын - дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара катышын жеңилдетип, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу келишимдик укуктук базаны кеңейтет жана саясий-экономикалык жана консулдук мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2016-жыл 12-июль