Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылы 26-июнда Бишкек шаарында кол коюлган, Россия – Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия – Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 25-майда кабыл алган.

Бул Макулдашуунун максаты Россия – Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жагымдуу шарттарды түзүү, Фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин Кыргыз Республикасындагы статусун, привилегияларын жана иммунитеттерин аныктоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 4-июль