Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” («Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүүчү системасы жөнүндө” жана “Банк жашыруун сырлары жөнүндө” мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – “Насыя маалыматтары менен алмашуу жөнүндө” 2014-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган №160-Мыйзамдын 28-беренесиинин жоболорун турмушка ашыруу.
Мыйзам:
1) «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүүчү системасы жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизет. Ага ылайык: а) кредиттик бюролордун ишмердиги лицензияланууга жаткан ишмердик түрлөрүнүн тизмесине киргизилди; б) банктардын, финансы-кредит мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишмердигин лицензиялоо да насыя маалыматтары менен алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат;
2) “Банк жашыруун сырлары жөнүндө” Мыйзам насыя маалыматтары тууралуу мыйзамдын максаттары үчүн банктын жашыруун сырларын түзүүчү маалыматтарды берүү жана айлануусу тууралуу жаңы 12-1-берене менен толукталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.