Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын сот системасынын атаандаштыкка туруктуулугун камсыз кылуу жана аны Евразия экономикалык Биримдигине кирүү шарттарына, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюумунун (ЭЖАУ) 1993-жылы 14-декабрда бекитилген эл аралык аба транспорту чөйрөсүндөгү салык салуу маселелери боюнча саясатына шайкеш келтирүү Мыйзамдын негизги максаты болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 28-июнь