Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 19-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Премьер-министр башчылык кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңеш берүүчү органында бюджеттин долбоорун караганда сот системасынын кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу.

Мыйзам “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдын 8-беренесине толуктоо киргизет. Ага ылайык  бюджеттин долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин курамына, депутаттар – Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринин мүчөлөрү менен катар, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы да кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 27-июнь