Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – банк мыйзамдарын бузган административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.

Мыйзам Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин  30, 357, 358 жана 359-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3айлык мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 27-июнь