Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларын өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргиүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – электрондук форматта тооруктарды жана аукциондорду өткөрүү үчүн укуктук негиздерди түзүү.

Мыйзам Өкмөт аныктаган тартипте элетрондук форматта төмөнкүдөй тооруктарды жана аукциондорду өткөрүүгө шарт түзө турган Жер кодексине, “Муниципалдык жана коомдук менчик жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучуларынын статусу жөнүндө” Мыйзамга, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт:

- жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга сатуулар;

- муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукцион жана муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча аукцион;

- камактагы мүлктү, камакка алуунун негиздерине жана түрүнө карабастан, мыйзам боюнча айландыруудан аланып салынган мүлктөн башкасын, сатуу боюнча тооруктар (аукциондор); өндүрүп алууга жаткан кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча тооруктар (аукциондор);

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 27-июнь