Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугун камсыз кылуунун бирдиктүү укуктук негиздерин аныктоо менен физикалык тараптардын өмүрүн жана саламаттыгын, физикалык жана юридикалык тараптардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти өрттөн сактоону камсыз кылуу.

Мыйзам өрт коопсуздугун камсыз кылуунун негизги уюштуруучулук жана техникалык чараларын, формаларын жана ыкмаларын, мамлекеттик органдардын, юридикалык жана физикалык тараптардын өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле өрт коопсуздугун сактоо үчүн жоопкерчилигин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 8-июнь