Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЕАЭБ менен Вьетнам ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө-мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт. Товардык позициялардын бир бөлүгү боюнча биринчи баскыч Макулдашуу күчүнө киргенден башталат, калган бөлүгү боюнча экинчи баскыч – кыска өткөөл мезгил ичинде. 

Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.

Ички рынокту коргоо, лицензиялоо, төлөм баланстарын коргоо чаралары, өнөр жай жана айыл чарба товарларына субсидия берүү маселелери боюнча Макулдашууда ДСУнун алкагында тиешелүү ченемдери инкорпорлоштурулган. Мында антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонууда  ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Вьетнам тарабынан жеке тараптар катары каралат. Мындан тышкары, өсүп жаткан импорттон тобокелдиктерди тезинен төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу эки тараптуу коргонуу чараларын колдонуу каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 2-июнь