Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 30-майда «К.А.Джунушалиев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошогондугуна байланыштуу токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Джунушалиев Кашкар Астаканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна К.А.Джунушалиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте сунуш киргизсин.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 30-май