Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 30-майда «М.Т.Турганбаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Турганбаев Мелис Токтомамбетович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 30-май