Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кадамжай районунда селдин кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 000 сомдон бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепетинен курман болгон беш адамдын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 100 000 (жүз миң) сомдон берилет.

2016-жыл 28-май