Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө Румыния менен макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республнкасынын Өкмөтү менен Румыния Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, аракеттеги дипломаттык жана кызматтык паспорту бар жарандар Экинчи тараптагы мамлекеттин аймагында 180 (жүз сексен) күн мезгил ичинде  токсон (90) күнгө чейин  кирүү, чыгуу, транзит жана жүрүү үчүн виза алуу талаптарынан бошотулат.

Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Румыниянын дипломаттык жана кызматтык паспорту бар жарандарынын эки өлкөнүн аймагына кирип-чыгуусун жеңилдетип, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 26-май