Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондун уюштуруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2009-жылы 9-июнда кабыл алынып, 2015-жылы 15-июнда кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун  Кризиске каршы фондун уюштуруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  2016-жылы 14-апрелде кабыл алган.

Протоколдун максаттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

- Евразиялык экономикалык коомдоштуктун  (мындан ары – ЕврАзЭК) Кризиске каршы фондунун таза кирешесинин эсебинен билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу багыттар боюнча гранттык программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү;

- ЕврАзЭКтин Кризиске каршы фондун Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду деп кайра атоо;

- ЕврАзЭКтин Кризиске каршы фондунун секретариатынын иш милдеттерин Евразиялык өнүктүрүү банкына (мындан ары ЕАӨБ) жүктөө;

- Кризиске каршы фонддун депозитарийинин иш милдеттерин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине  (ЕАӨБдин да депозитарийи болуп саналат) жүктөө.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-май