Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө 2009-жылдын 9-июнундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.

Протоколдун максаттары:

- Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондун (ККФ) Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду деп кайра атоо ;

- ККФ Катчылыгынын функцияларын Евразия өнүктүрүү банкына (мындан ары – ЕАӨБ) жүктөө;

- ККФ Депозитарийинин функцияларын Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине (ал да ЕАӨБ Депозитарийи болуп саналат) жүктөө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-май